|
Өздүк камсыздандыруу
|
|
ӨЗДҮК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – объектиси катары адамдын өмүрү, денсоолугу, эмгекке жарамдуулугу каралган камсыздандыруу келишиминин бир түрү, ошондой эле белгилүү куракка, белгилүү мөөнөткө же белгилүү максаттарга карата акча топтоону уюштуруунун таризи (бааракыларды камсыздандыруу ж. б. у. с.). Ө. к-га камсыздандыруучу , камсыздоочу жана камсыздануучу катышат. Камсыздандырылган каражатты алуу укугу келишим пайдасына түзүлгөн кишиге таандык. Ө. к. келишими боюнча камсыздандыруу каражаттарын алууга жана төлөп берүүгө байланыштуу мамилелерге КР жарандык мыйзамдарында аныкталган калыбына келтирүүчү камсыздандыруулар жөнүндө эрежелер колдонулат.
|